Бишкектеги “Ынтымак-2” сейил багында “Скейт парктын” курулушу башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, буга чейин Ынтымак паркынын аймагындагы 1 гектарга жакын жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылган.
Учурда курулуш иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек, Орто Азия боюнча мындай скейт парк алгачкы ирет Бишкекте пайда болот.