Бишкектеги жаңы административдик борбордун курулушу кийинки жылдын  31-августуна чейин аяктайт

Бишкектеги жаңы административдик борбордун курулушу кийинки жылдын  31-августуна чейин аяктайт. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, объект буга чейин түрттүрүлгөн “Ысык-Көл” мейманканасынын ордунда пайда болот.

 

Кийин жаңы борборго министрлер кабинетинин бардык кызматкерлери көчүрүлөт. Ал эми азыркы өкмөт имаратына Бишкек мэриясы көчөт, муниципалитеттин имаратында болсо президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү жайгаштырылат.