Өлкө мектептеринде күзгү каникулдар узагыраак болот.
“Кабар” агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, базистик окуу планына ылайык, окуучулар 31-октябрдан 6-ноябрга чейин эс алат.
7-8-ноябрь кызыл дата болгондуктан, экинчи чейрек мектептерде 9-ноябрда башталат. Эске салсак, 7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.