Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1 миллион 200 миң сом жана батир берилет

Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1 миллион 200 миң сом жана батир берилет.

 

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров чек ара маселесине байланыштуу жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен өткөргөн жыйында билдирди.  Өлкө башчынын айтымында, ал эми жараат алган аскер кызматкерлерине 100-200 миң сомдон кенемте төлөнөт.

 

Эске салсак, Тажикстандын куралдуу кол салуусунда 63 адам каза тапты, 200дөй адам жабыркаган.