Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду

Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

 

Ал эми Абу-Даби шаарына уча турган каттам кармалууда. Учуу убактысы бүгүн кечки саат 18:50гө жылдырылды. Мунун себеби Бириккен Араб Эмираттарындагы туруксуз аба ырайына, жаан-чачынга байланыштуу экени маалымдалды.