Бишкектин 3 районуна ийне жалбырактуу дарактар отургузулат.
Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, Тыныстанов көчөсүнө 20 көчөт,
Масалиев тилкесине 30 бак, ошондой эле Жеңиш аянтынын аймагына 6 балаты тигилди.
Кышкы көчөттөрдү отургузуу жана аларга кам көрүү иштери уланууда. Белгилеп кетсек,
ийне жалбырактуу дарактар абаны оор металлдардан, чаң жана микробдордон тазалайт.