Жүргүнчү ташуучу фирмалардын ээлери маршруттук таксилерде жол кирени 20 сомго көтөрүүнү талап кылууда

Жүргүнчү ташуучу фирмалардын ээлери маршруттук таксилерде жол кирени 20 сомго көтөрүүнү талап кылууда. Мындай талаптарын алар мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен жолугушууда жарыялашты.

 

Өз кезегинде Түлөбаев маршруттук таксилерде жүрүү акысын 15 сом, автобус, троллейбустарда убактысына карабай 10 сомдон кылууну сунуштады. Бул маселени чечүү үчүн транспорт саясаты боюнча кеңеш түзүү тапшырмасы берилди.