Өлкөнүн 3 облусунда калкты тейлөө борборлору ачылат

Өлкөнүн 3 облусунда калкты тейлөө борборлору ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев билдирди.

 

Анын айтымында, кеп Нарын облусундагы Кочкор району, Жалал-Абаддагы Сузак району жана Чүйдүн Панфилов району тууралуу болуп жатат.

 

Объектилер калкты ушул жылдын аягына чейин тейлеп баштайт.

Эске салсам, ведомство ошондой эле, өлкө аймагында унааларды тейлөө жайларын ачууну пландап жатат.