Өлкөдөгү аз камсыз 100 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет.
Эмгек министрлиги менен Бириккен улуттар уюму жакырчылыктан чыгууга жардам берүү максатында пилоттук долбоор баштады.
Анын алкагында, Жумгал жана Кадамжай райондорундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө бир жолку 100 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, аларга каржылык сабаттуулук, бизнес-план түзүү, кесиптик, социалдык кызматтар жана бизнести ийгиликтүү алып кетүүгө багытталган окутуулар өткөрүлөт.