Ошто мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү процессин жакшыртуу боюнча бир катар долбоорлор ишке кирет. Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясынан билдиришти. Кеп, электрондук документ алмашуу, веб-портал, тез жардам, муниципалдык менчтиктин электрондук системасы,
“Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн паспорту” жана шаардын 3D долбоорун түзүү системларын жакшыртуу тууралуу болуп жатат. Андан тышкары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары алдындагы санарип технологияларын ишке киргизүү пландалууда.