Бүгүн, 23-ноябрдан тарта, Республикалык «СПИД» борбору Бишкек шаарынын базарларында ВИЧ, сифилис жана B,С гепатитин аныктоо боюнча акысыз анонимдик тестирлөөлөрдү өткөрө баштайт. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.
Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өткөрүлөт.
Анализ алуу саат 10:00дөн 15:00гө чейин улантылат. Кайсы күнү кайсы базарда өтөт:
- «Ош» базары — 23-24-ноябрь;
- «Аламүдүн» базары — 25-26-ноябрь;
- «Сары-Өзөн» базары — 27-28-ноябрь;
- «Мадина» базары — 29-ноябрь;
- «Дордой-Дыйкан» базары — 30-ноябрь;
- «Орто-Сай» базары— 1-декабрь.