Нарындагы инфекциялык оорукананын курулушу дээрлик 90 пайызга аяктап калды

Нарындагы инфекциялык оорукананын курулушу дээрлик 90 пайызга аяктап калды.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура кызматынын маалыматына ылайык, жумуштардын басымдуусу аткарылды.

 

Медициналык жай 70 орунга чакталат. Аны курууга каражатты Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду бөлүп берген. Оорукана үчүн зарыл медициналык жабдуулар жана эмеректер сатылып алынды.