Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Чүй, Алма-Ата, Осмонкул, Салиева, Тыныстанов, Ахунбаев көчөлөрүндө, Калыс-Ордо, Ак-Өргө, Арча-Бешик, Ак-Босого конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.