Бишкектин бир катар аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин жарык Ош базарынын аймагында, Курманалиев, Салиева, Курманжан датка, Огонбаев көчөлөрүндө, Тунгуч кичи районунда, Рухий-Мурас, Арча-Бешик, Ак-Босого конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.