Бишкектин Биринчи май районунун мектептеринде “Смартфонсуз сабак” долбоору ишке ашты

Бишкектин Биринчи май районунун мектептеринде “Смартфонсуз сабак” долбоору ишке ашты. Мэриядан билдиришкендей, бул 22 билим берүү мекемесине тиешелүү болду.

 

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектептерге телефон үчүн кутулар сатылып алынды. Окуучулар сабак учурунда аларга смартфондорун калтырып, тыныгууда кайра ала алышат.

 

Бул балдардын сабакта телефонго алаксыбай, окууга жакшылап көңүл бурдуруу үчүн жасалууда.