Каракол шаарында 3 көчөнү оңдоо иштери уланууда.
Бул тууралуу Novosti.kgге калаанын вице-мэри Чыңгыз Бапаев билдирди.
Анын айтымында, кеп, Токтогул, Пржвальск жана Торгоев көчөлөрү тууралуу
болуп жатат. Жалпысынан 3 көчөнүн 5,5 чакырым аралыгына асфальт төшөлөт.
Курулуш иштерине 410 миллион сом жумшалат. Каражат республикалык бюджет,
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп
берилет. Иштер долбоор боюнча 2022-жылдын октябрында аяктайт.