Өлкө бийлиги 42 дарынын баасы көзөмөлгө алат

Өлкө бийлиги 42 дарынын баасы көзөмөлгө алат.

Дары-дармектер жана медициналык аппараттар департаменти мамлекеттик

жөнгө салууга тийиш болгон дары-дармектердин тизмесин жаңыртты.

Тизмеге препараттардын 42 түрү кирди. Тизмеде дарынын сырттан алынып

келингендеги баасы, дүң жана чекене баасы көрсөтүлдү. Саламаттыкты

сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары

ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын

саны 3 миңден көп. Алардын көбү Бишкекте жайгашкан.