Таза абада медициналык беткап тагынуунун кереги жок

Таза абада медициналык беткап тагынуунун кереги жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, беткаптарды жабык имараттарда, эл көп чогулган жерлерде тагынуу зарыл.

 

Ал эми сыртта таза абада жүргөндө аны тагынбай эле жүрсө болот. Эске салсак, буга чейин мэр Азиз Суракматов Бишкекте медициналык маска тагынбай жүргөндөргө 1 миңден 5 миң сомго чейин айып салынат деп жарыялаган болчу. Көп өтпөй, анын орун басары вице-мэр Татьяна Кузнецова анын сөзүн жокко чыгарган.