Бишкектиктер коронавирус боюнча телефондон ыкчам түрдө медициналык кеңеш ала алат

Бишкектиктер коронавирус боюнча телефондон ыкчам түрдө медициналык кеңеш ала алат.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, эгер тургундар өздөрүнөн коронавирустун белгилерин байкап калса, саламаттык сактоо министрлигинин   118 ыкчам байланыш номерине чалса болот.

 

Ыкчам телефон номерге белгилүү себептер менен гана чалууга мүмкүн. Алар:

  • Эгер чет өлкөдөн акыркы 30 күндүн ичинде келсе;
  • Эпидемия көбүрөөк жайылган аймакта болсо;
  • Коронавирус жуктуруп алган адам менен тыгыз байланышта болсо;
  • Обсеварция жайларында болсо;
  • Дене табы жогору болуп, жөтөлүп, дем алуусу кыйындаса.