Бишкектин эки калкты тейлөө борборунда иш убактысы узартылды

Бишкектин эки калкты тейлөө борборунда иш убактысы узартылды.

 

Санариптик  өнүктүрүү министрлигинен такташкандай, кеп Жибек Жолу проспектисинде жана Жетикашкаева көчөсүндө жайгашкан борборлор тууралуу болуп жатат.

 

Бул бөлүмдөр эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт. Пилоттук долбоор көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында ишке кирди. Ал 29-декабрга чейин созулат.