Бишкектин коомдук транспортунда жол кирени накталай төлөгөндөргө рейд жүрүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, ордо калаанын автобус-троллейбустарында 20-августтан тарта накталай эмес төлөм киргизилген, буга карабай, накталай төлөм алып жаткан айдоочулар аныкталууда.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ыктыярчылар айдоочуларды көзөмөлдөп, ал эми жүргүнчүлөр арасында накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.