Россия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак тапшырды.
Президент администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдиргендей, МИ-8 МТВ вертолету медициналык модуль, кычкылтек аппараты, өрт өчүрүү шайманы жана башка зарыл куткаруу элементтери менен камсыздалган.
Тик учак президент Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде тапшырылды, — дешти администрациядан.