Чүй облусунун Кашка-Суу айылында 100 орундуу мектеп ачылды

Чүй облусунун Кашка-Суу айылында 100 орундуу мектеп ачылды. Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү катышты.

 

Мектептин курулушуна 49 миллион 350 миң сом жумшалды. Каражат атайын эсептен бөлүнгөн.