Кытайлык аял кирпигин 20 сантиметрге чейин өстүрүп, дүйнөдөгү эң узун кирпиктин ээси аталды

Кытайлык аял кирпигин 20 сантиметрге чейин өстүрүп, дүйнөдөгү эң узун кирпиктин ээси аталды.

Муну менен рекорд жаңыланды. Кытайлык айымдын кирпиги мындан 5 жыл мурда 12 сантиметрге жетип,

Гиннес рекорддор китебине кирген. Рекордсменканын айтымында, кирпиги эмне себептен узарып жатканы белгисиз, дарыгерлер да аныктама бере алышкан эмес.

Узун кирпик ээси боегучтарды такыр колбонбой турганын белгиледи.