Саламаттыкты сактоо министрлигинин чиновниктери кызмат абалын кыянаттык менен
пайдалануу боюнча фактысы иликтенүүдө. Кеп, министрлик тарабынан сатып алынган
13 тез жардам унаасы тууралуу болуп жатат, — дешти Экономикалык кылмыштарга
каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан. Андан белгилешкендей,
техникалар өзүнүн баасынан 1 миллион долларга кымбат сатып алынган.
Кылмыш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүүдө.