Турак жай комитеттерине үгүттөө учурунда мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болуу сунушталат

Турак жай комитеттерине үгүттөө учурунда мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болуу сунушталат.

БШКдан билдиришкендей, эреже бузуулар Бишкекте катталды. Октябрь райондук №8 аймак аралык

башкармалыгынын башкы адиси WhatsApp аркылуу депутаттыкка талапкерлердин биринин

пайдасына үгүттөө иштерин жүргүзгөн. Милиция “Административдик абалын кыянаттык менен

пайдалануу” статьясы менен иш козгоду. Учурда башка домкомдордун дагы аггитацияга катыштыгы

бар жоктугу такталууда. БШКдан белгилешкендей, мындай мыйзам бузуу үчүн кылмыш

жоопкерчилигине тартуу же 60 миң сомго чейин айып каралган.