Түндүк-түштүк унаа жолунун курулушу уланууда

Түндүк-түштүк унаа жолунун курулушу уланууда.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдиргендей,

долбоорду ишке ашыруунун баасы 937,5 миллион долларды түздү. Каражатты Кытайдын

Эксим жана Азия Өнүктүрүү банктары бөлүп берген. Сумманын басымдуусу насыя түрүндө берилсе,

азыраагы грант түрүндө келди. Кошумчаласак, Балыкчы менен Жалал-Абадды бириктирген

альтернативалык жолдун узундугу 433 чакырымды түзөт. Иштер 2014-жылы башталган.

Жол 2023-жылы пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.