Фармацевтикалык компаниялар Кыргызстан ооруканаларына акысыз дары тапшырды

Фармацевтикалык компаниялар Кыргызстан ооруканаларына акысыз дары тапшырды. Препараттардын жалпы баасы 27 миллион сомго жетет, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо департаментинен.

 

Ведомстводон белгилешкендей, компаниялар тарабынан колдоо көрсөтүү уланууда. Берилген препараттар облустук ооруканаларга муктаждыкка карап жөнөтүлөт. Отчет кийинчирээк жарыяланат, — дешти департаменттен.