Бишкекте гепаринди кымбат саткандар кармалды

Бишкекте пневмонияны дарылоого колдонулуп, учурда тартыш болуп жаткан гепарин дарысын кымбат баада саткандар кармалды. Алар үйүндө 100 таңгак дарыны 70 миң сомго сатып жатканда колго түшүрүлдү, — дешти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан.

 

Тергөө учурунда тиешелүү документтери жок үйүнөн эле препараттарды кымбат баада сатып жаткандар аныкталган.

 

Алып сатарларга карата сотко чейинки өндүрүш ачылып, дары каяктан алып келингени жана сапаты талаптарга жооп бере турганы такталууда.