Ош облусунда жаңы мектептин курулушу жыйынтыкталды

Ош облусунда жаңы мектептин курулушу жыйынтыкталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, объект Орке айылында жайгашып, 375 орунга эсептелген. Учурда анын айланасын көрктөндүрүү, жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

 

Долбоордун сметалык баасы 900 миң доллардан ашты. Мектеп окуучуларга каалгаларын ушул айда ачып калат деп пландалууда.