Кыргызстандын бардык коммерциялык банктары эми төлөм карталары менен жүргүзүлө турган ар бир валюта конвертациялары тууралуу кардарларга кеңири маалымат берүүгө милдеттүү

Кыргызстандын бардык коммерциялык банктары эми төлөм карталары менен жүргүзүлө турган ар бир валюта конвертациялары тууралуу кардарларга кеңири маалымат берүүгө милдеттүү.

 

Мындай чечимди Улуттук банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алды. Белгилеп кетсек, февраль-март айларында коммерциялык банктардын кардарларынан валюта конвертациялары боюнча даттануулар көп түштү. Маселелер көбүнчө мультивалюталык карталардын ээлеринде катталды.

 

Алар автоматтык конвертациялар учурунда ири суммаларды жоготконун билдиришкен.