Бишкектин 23 көчөсүндө жарык жок болот.
Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы билдирет.
Маалыматка караганда, эртең саат 9дан кечки 6га чейин
Бакай-Ата, Мурас-Ордо, Арча-Бешик, Ак-Өргө, Көк-Жар жана
Жеңиш конуштарында жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле Карасаев, Юнусалиев, Гагарин, Асаналиев,
Тыныбеков жана Иркутский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө
электр энергиясы берилбейт. Убактылуу чектөө
ремонттук иштерге байланыштуу.