Баткенде бейтапкананын курулушу 65 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата ички жасалгалоо жумуштары, эшик-терезелерди орнотуу, канализация тармагын өткөрүү аткарылды.
Жеринде 35 куруучу иштеп жатат. Долбоордун сметалык баасы 17 миллион 900 миң сомду түзөт.