Ушул айда өлкөгө жолдорду куруучу адистер алынып келет

Ушул айда өлкөгө жолдорду куруучу адистер алынып келет.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, кеп,

түндүк-түштүк альтернативалык жолу тууралуу болуп жатат.

Бул үчүн Кытай тарап менен макулдашылды. Асрандиев белгилегендей,

чет элдик адистерди тез арада алып келүү бир катар инвестициялык

долбоорлорду жандандырууга мүмкүнчүлүк берет. Белгилеп кетсек,

келе турган адистердин бары алгач тиешелүү текшерүүдөн өтөт.