Боомдо кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жумуштар 17-апрелден 21-апрелге чейин уланат. Ага ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун айрым тилкелери маал-маалы менен тосулат.
Таштарды атайылап түшүрүү иштери автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында жасалат.