Бразилияда аял куурчакка күйөөгө тийди

Бразилияда аял куурчакка күйөөгө тийди. Марсело аттуу куурчагын ал ресторандарга, пляжга алып барып, чогу сейилдеп, бийлеп жүргөн. Андан кийин кыз ага турмушка чыгуу чечимин кабыл алып, 250 кишини конокко чакырды.

 

Аялдын айтымында, Марсело менен үй-бүлөлүк жашоо идеалдуу – ал урушпайт, талашпайт жана анын бардык чечимдерин колдойт. Өзгөчө жаш жубайлар бал айында Рио-Де-Жанейро шаарына барууга дагы жетишти.