Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнө сөгүш жарыяланды

Маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту азайтуу боюнча жарлыкты жетиштүү аткарбаганы үчүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Президент Садыр Жапаров быйыл 24-февралда тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Жарлыкты аткарууну көзөмөлдөө мамлекеттик кызматкерлерге жүктөлгөн.

 

Жарлык боюнча, адамдар үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана көп акча сарптабай өткөрүшү керек. Ал күчүнө киргенден кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сөөк чыккан үйгө барып түшүндүрүү иштерин кылып жатышат.

2021-жылы Конституция өзгөртүлгөндөн кийин облус жетекчилери президенттин расмий өкүлү деп аталат. Район акимдерин да президент дайындайт.