Жаңы окуу жылынын каникулдары белгилүү болду

Быйылкы окуу жылы 1-сентябрда башталып, келерки жылдын 25-майында аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Кабыл алынган буйрукка ылайык, мектеп каникулдарынын графиги да бекитилди.

 

Күзгү эс алууга окуучулар 6сынан 13чү ноябрга чейин чыгышат, кышкы каникул 1-14-январь күндөргө туура келет, ал эми жазгы каникул 21-31-мартка чейин болот. Биринчи класстын окуучулары үчүн жазгы каникул бир жумага узартылат.