Кыргызстандын аймагындагы бардык каттамдар ачык жана жолдордун абалы көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, жолдордо чектөөлөр киргизилсе кошумча маалымдалат.
Белгилүү болгондой, саат 00:30да Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайынын 249-чакырымында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүп, саат 01:30да жол ачылган.
Ошондой эле 1-февралда саат 21:30дан тарта Сосновка жана Чычкан постторунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, бүгүн, 2-февралда саат 09:30да кайра ачылды.