Кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого үгүттөө иштери 30-ноябрда башталат.
Бул тууралуу novosti.kgге БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Үгүт кампаниясы 18-декабрга чейин созулат. 19-декабрда Тынчтык күнү болот.
Эске салсак, 4-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы массалык башаламандык жана
бир катар нааразычылыктын пайда болушуна алып келди. Андан улам шайлоонун
жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкө бийлик толугу менен алмашты.