Парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүү мөөнөтү 3 эсе кыскартылат.
Андыктан, добуш берүүгө катыша турган партиялар БШКга кыска убакта билдирүүсүн жибериши керек.
novosti.kgге Боршайкомдон билдиришкендей, адатта саясий уюмдарга шайлоонун мөөнөтү
аныкталгандан кийин 5 күн берилсе, эми билдирмелерди 3 күндүн аралыгында тапшыруу зарыл.
Эске салсак, Жогорку кеңешке кайрадан өтө турган шайлоо 20-декабрга белгиленди.
Буга чейинки добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.