БШК Токмок шаарынын мэрин шайлоону 26-августка белгиледи

БШК Токмок шаарынын мэрин шайлоону 26-августка белгиледи.

Комиссия төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей,

ушул эле күнү Бишкек жана Оштун дагы калаа башчылары тандалат.

Талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары,

фракциялардын коалициялары жана министрлер кабинетинин төрагасы укуктуу.

Каттоо үчүн талапкерди көрсөткөн субъекти 20-август, саат 6га чейин

документтерди аймактык шайлоо комиссиясына тапшырышы керек.

Калаа мэри тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары

аркылуу жабык тартипте шайланат.