БШКдан Жогорку Кеңеш шайлоолорунун күнү качан жарыялана турганын айтып беришти

БШКдан Жогорку Кеңеш шайлоолорунун күнү качан жарыялана турганын айтып беришти. Комиссия мүчөсү Тынчтык Шайназаровдун айтымында, кечээ өткөн референдумдун жыйынтыгы менен шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилиши керек.

 

Июль айында парламент депутаттары Жогорку Кеңеш шайлоолорун бекитет.

 

Бул учурда долбуш берүү 3-же 10-октябрга туура келет, — деди Шайназаров. Белгилеп кетсек, жаңы баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го кыскарат. Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум кечээ өттү.