Кыргызстанда доллардын куну дагы көтөрүлдү

Кыргызстанда доллардын куну дагы көтөрүлдү. Valuta.kg сайтында жарыялангандай, учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 82 сомдон сатып алып, кайра 82 сом 30 тыйындан сатышууда.

 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 19-мартында доллардын баасы кескин көтөрүлүп, бир доллар 85 сом болгон. Март айынан бери чет элдик валютанын баасы 77 жана 85 сомдун ортосунда түшүп кайра көтөрүлүүдө.