Быйыл Франция эң популярдуу туристтик өлкөгө айланат

Быйыл Франция эң популярдуу туристтик өлкөгө айланат. Чет элдик басылмалар муну авиабилеттердин сатылышы боюнча алдын ала маалыматтар тастыктап турат, — деп жазышууда.

 

Серепчилер белгилегендей, быйыл өлкө пандемияга чейинки мезгилге салыштырмалуу рекорддук сандагы туристтерди кабыл алат. Буга кошумча Олимп оюндары да түрткү болот.

 

Белгилеп кетсек, өткөн жылы Францияга 100 миллиондон ашык турист барган.