Токтогулда компьютердик томография борбору ачылды

Токтогул шаарындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун базасында компьютердик томография борборунун ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Компьютердик томогорафия аппаратын орнотуу «Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы» долбоорунун алкагында ишке ашты, аппараттын баасы 600 миң долларды түзөт.

 

Белгиленгендей, компьютердик томография аппараты «Шаньшуй Силк Роуд» ЖЧКсы тарабынан орнотулду.