Акы төлөнүүчү тонировка мамлекеттик бюджетти эки айда дээрлик 64 миллион сомго толуктады.
Бул тууралуу “Унаа” мекемесинен билдиришти.
Маалым болгондой, 1-июндан 29-июлга чейин 792 айдоочу унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат алган.
Эске салсак, лицензиянын баасы жеке жактар үчүн 80 миң сом, юридикалык жактар үчүн 100 миң, чет элдиктер үчүн 120 миң сомду түзөт.
Уруксат бир жылга берилет.