Быйыл Ысык-Көлдө 46 долбоор ишке ашат.
Төлөмдөр планы Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондоруна жана Балыкчы,
Каракол шаарларына туура келет. Каржылык колдоо айыл чарбасын, сүт жана
эт азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды, багбанчылыкты, экотуризмди,
балык өстүрүүнү өнүктүрүүгө, темир-бетон, кондитердик, эмерек цехтерин жана
билим берүү борборун ачууга багытталат. Сумма Ысык-Көлдү
өнүктүрүү фондунан бөлүнүп берилет