Сауд Арабиясынын бийлиги Рамазан айында мечиттерин ачпайт

Сауд Арабиясынын бийлиги Рамазан айында мечиттерин ачпайт. Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Мухаммеж Абдель Али жарыялагандай, коронавирус эпидемиясынан улам, ыйык орозо айында дагы мечиттерди ачпай туруу чечими кабыл алынды.   Бул чектөө дүйнөдө эпидемиологиялык абал турукташмайынча күчүндө болот.

Мекеге зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларды каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Мекеге зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларды каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Novosti.kgге  Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, коронавируска байланыштуу, Сауд Арабиясынан ажылык сапарга тиешелүү бардык процесстерди жайлатуу сунушу берилди.   Андыктан, ажы башчыларды каттоо токтотулду.   Эске салсак, быйыл Кыргызстанга 6 миң 110 квота бөлүнгөн.

Карыларга, ден соолугу начар адамдарга мечитке келбей туруу сунушталат

Кыргыз мусулмандарынын аалымдар кеңеши коронавирустун пандемиялык деңгээлге жеткендигине байланыштуу 13-мартта бир катар чектөөлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.   Аалымдар кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, коронавирустун күч алганына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө… Кененирээк…

Муфтият коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрдү

Муфтият коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрдү. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чарага муфтий, аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, казылар жана аксакалдар катышты.   Түлөөгө 2 бодо мал союлду. Анын эти кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилип, таратылды. Мындай түлөө эми өлкөнүн башка аймагында дагы… Кененирээк…

Быйылкы ажылык сапардын баасы 3 миң 350 долларды түзөт

Быйылкы ажылык сапардын баасы 3 миң 350 долларды түзөт. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттан белгилешкендей, ажылык сапарга катталып, алдын ала 500 доллар төлөгөн жарандар калган 2 миң   850 долларын 26-февралдан 17-мартка чейинки аралыкта төлөөсү шарт.   Өткөн жылы зыяраттын баасы бир кишиге 3… Кененирээк…

Ажылык сапарга электрондук каттоо бүгүн башталып, 30-декабрга чейин уланат

Ажылык сапарга электрондук каттоо бүгүн башталып, 30-декабрга чейин уланат. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, каттоо ID-карт паспортунун негизинде жүргүзүлөт. Талапкерлерди ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.   Ошондой эле муфтият 2020-жылы ажылыкка баруучу жарандар башкармалык тарабынан жарыяланган мөөнөттүн… Кененирээк…

Ажылык сапарга электрондук каттоо 16-декабрда башталат

Ажылык сапарга электрондук каттоо 16-декабрда башталат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттын маалыматына ылайык, каалоочулар ID-карта аркылуу 30-декабрга чейин катталса болот.   Алгачкы төлөм 500 доллар төлөнгөнүн тастыктаган квитанциянын негизинде гана кезекке тургузуу жүргүзүлөт, — дешти андан. Эске салсак, быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга… Кененирээк…