Быйыл электрондук кезек системасы аркылуу мектепке биринчи класска 19 миңден ашык бала кабыл алынды

Быйыл электрондук кезек системасы аркылуу мектепке биринчи класска 19 миңден ашык бала кабыл алынды. Бул тууралуу мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билдирди. Анын айтымында, электрондук каттоо ата энелерге шарт түзүп берүү жана коррупцияга каршы максатта киргизилген. Кийинки окуу жылына… Кененирээк…

Москва районунда 4 жарым чакырым жерге суу түтүктөрү орнотулду

Москва районунда 4 жарым чакырым жерге суу түтүктөрү орнотулду. Жаңы системаны пайдаланууга берүү ачылыш аземи Темен-Суу айылында өттү. Бул иштер райондогу 7 айылдагы калкты таза суу менен камсыз кылуу жумуштары аркылуу ишке ашууда. Ал эми жашоочулардын саны 9 миң 498ди түзөт. Курулуш иштерине демөөрчүлөр, айыл… Кененирээк…

Лейлек районунда 275 орундуу мектеп курула баштады

Лейлек районунда 275 орундуу мектеп курула баштады Жаңы имараттын капсула салуу аземи Гөлбө айылында өттү. 2 кабаттуу билим берүү мекемесинин сметалык баасы 931 миң долларды түзөт. Белгилеп кетсек, балдар окуган эски мектеп 1975-жылы салынып эскилиги жеткен. Ал эми жаңы мектеп кийинки окуу жылында пайдаланууга берилээри… Кененирээк…

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 463 бала билим алат

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 463 бала билим алат. Бул тууралуу облустук жыйында айтылды. Маалыматка караганда, күбөлүгү жок балдардын саны жыл сайын өсүүдө. 2 ай мурун тиешелүү адистерге тапшырма берилгени менен, жыйынтык болгон эмес. Балдар мектепти аяктагандан кийин аттестат ала албай калышат, —… Кененирээк…

Бишкек мэриясы ушул жылы муниципалитеттин карамагына алынган объектилерди тизмектеди

Бишкек мэриясы ушул жылы муниципалитеттин карамагына алынган объектилерди тизмектеди. Мында кеп учурунда мыйзамсыз түрдө жеке тараптарга берилип кеткен имараттар тууралуу болуп жатат. Кайтарылган объектилерге төрт бала бакча, Ак-Кула ат майданы жана ага тиешелүү 54 гектар жер кирет. Ошондой эле Фучик паркынын 1 жарым гектарга жакын… Кененирээк…

Бишкектин жолдорунда коопсуз аралдары пайда болот

Бишкектин жолдорунда коопсуз аралдары пайда болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, муниципалитеттин кызматкерлери жөө адамдар үчүн «коопсуздук аралдары» схемасын иштеп чыкты. Ал бир тилкеден экинчи тилкеге өтүүдө жөө адамдар жол чырактын жанышын күтүп турган жер. Калаа бийлиги мындай сунушту Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы… Кененирээк…

Нарында ири логистикалык борбордун курулушу башталды

Нарында ири логистикалык борбордун курулушу башталды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Ат-Башы» индустриялык соода логистикалык борборунун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.   Долбоор кыргыз-кытай мамлекеттеринин достук мамилесинин натыйжасында ишке ашууда. Күтүлгөндөй, анда 10 миң жумуш орду түзүлүп,   90 пайызы кыргызстандыктарга берилет.

Ошто газ өчүрүлөт

Ошто газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 13-декабрда көгүлтүр от Ак-Буура-3 районунда жана Дыйкан-Кыштан айылында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жогорку Кеңеш айрым жол эрежесин бузуулар үчүн айыптарды төмөндөтүүнү жактырды

Жогорку Кеңеш айрым жол эрежесин бузуулар үчүн айыптарды төмөндөтүүнү жактырды. Кеп, жол белгилерине баш ийбөө, аялдама эрежесин бузуу, унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты сактабай коюу жана жол кесилиштерин туура эмес өтүү тууралуу болуп жатат.   Бул бузуулар үчүн айыптар 3 миңден 1 миң сомго чейин түшүрүлөт.… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында салынган айыптардын жарымы төлөндү

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында салынган айыптардын жарымы төлөндү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.   Анын айтымында, камералар иштеп баштагандан бери жол эрежесин бузуулар үчүн   873 миң токтом чыгарылса, анын 448 миңи боюнча айыптар төлөндү. Жалпы сумма… Кененирээк…